• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук китепканада Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-ноябрь күнү А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган "Кыргызстан менин жүрөгүмдө" аттуу көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөдө Усубалиевдин жашоосу жана жасаган иштери тууралуу баяндаган китептер, макалалар, сүрөттөр коюлган.

Иш-чарада маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, иш-чаранын мааниси жана Усубалиев тууралуу айтып өттү.

"Турдакун Усубалиев Бишкектеги Улуттук китепкана, опера жана балет театры өңдүү имараттардын курулушуна көп көңүл бурган. Ал маданият, гуманитардык жана билим берүү тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон", - деди ал.

Көргөзмө эки жумага созулуп, каалоочулар келип көргөзмөнү көрүп кетсе болот.

Пикир

Оставить комментарий