• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук курамдын футболчусу Муролим Ахмедов карьерасын Бангладеш чемпионатында улантат

Спорт 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов карьерасын Бангледаш биринчилигинде улантат. Бул тууралуу Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

"Дордой" клубунун мурунку оюнчусу Бангладештин премьер-лигасындагы "Saif Sporting Club Ltd" командасы менен келишим түздү.

Ахмедов Бишкектин командасынын курамында Кыргызстандын эки жолку чемпиону (2018, 2019), кубоктун бир жолку ээси (2018) жана суперкубокту жеңген.

Пикир

Оставить комментарий