• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө» Мыйзамдын макулдашылган вариантына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 09.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамдын макулдашылган варианты Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун ишинин уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктоо, аталган уюмдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелеринин ченемдерин жөнгө салуу болуп саналат.

Андан тышкары Мыйзам Кызыл Жарым Ай Коому менен байланышкан төмөнкү маселелер боюнча тиешелүү жоболорду камтыйт:

- негизги түшүнүктөр;

- ишинин принциптери, милдеттери жана негизги багыттары;

- эл аралык кызматташуусу;

- ишин каржылоо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий