• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук онкология борборунда 14 адамдан коронавирус аныкталды -Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20 / Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө 14 киши коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бөлүмдө бардыгы 120 адам лабораториялык текшерүүдөн өттү.

“Илдетти жуктуруп алгандардын ичинде 1 дарыгер, эки медайым, 8 бала жана 3 эне бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, ооруну жуктурган адам аныкталды. Вирус жуктургандарды дарылоого бөлүмдө обсерватор жана өзүнчө бөлмөлөр уюштурулду. Ал эми медициналык кызматкерлер жугуштуу оорулар ооруканасына которулду ”, - деп кошумчалады Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий