• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы корпусунун курулушу жыйынтыкталат

Өкмөт 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Балдар онкологиясы жана гематологиясы, ошондой эле чоңдор гематологиясы бөлүмү үчүн жаңы корпустун, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун жаңы корпусунун курулушу улантылып, аягына чыгарылат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мурдараак заманбап жана ыңгайлуу шарттары бар 7 кабаттуу имаратты куруу тууралуу чечим кабыл алынган. Долбоорго ылайык, алдыңкы кабатта жалпы аянты 12.528 чарчы метр келген, балдар жана чоңдордун онкогематология бөлүмү үчүн 150 оорулууга ылайыкташкан Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборун куруу каралган.

Бул объекттин баасы (жабдуусуз жана медициналык жабдууларсыз) 601,3 млн сомду түзөт. Курулуш башталгандан бери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2017-жылы 70 млн сом жана 2018-жылдын мартында 30 млн сом каржыланган (план боюнча 50 млн сом). Учурда курулуш иштери каржылоо калыбына келтирилгенге чейин убактылуу токтотулду.

Бүгүнкү күндө баштапкыдан төртүнчү кабатты жабууга чейинки курулуш иштери аяктады, калган курулуш иштери милдеттүү түрдө улантылат.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине курулуш иштерин Кыргыз Республикасынын бекитилген курулуш ченемдери жана эрежелери боюнча жүргүзүү, аны менен бирге бул долбоорду мамлекеттик бюджеттен каржылоо чыныгы мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жүргүзүү тапшырылган.

Буга катар белгилей кетсек, Өкмөт тараптан Улуттук онкология жана гематология борборунун өзгөчө муктаж саналган абдоминалдык жана торакалдык онкология, маммология бөлүмдөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн каржылоо булактары изделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий