• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук сот жана укук коргоо тутумун өркүндөтүү үчүн кескин өзгөрүүлөр. Президент кандай багыттарды атады

Аналитика 0

Көптөн бери түрдүү тармактарда реформа жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп келет, бирок азырынча кандайдыр бир жыйынтыктар байкалбайт. Ошондой болсо да, убакыт чечкиндүү өзгөрүүлөрдү талап кылууда. Мындан мурда президент Садыр Жапаров ар түрдүү түзүмдөрдү реформалоо боюнча пландары тууралуу айткан. Ал кечээ, 7-июнда Кыргызстандын сот тутумундагы боло турган өзгөрүүлөр тууралуу кененирээк айтып берди. Бул өтө маанилүү экенин белгилеп кетүү керек, анткени мыйзамдуулук жана республикадагы туруктуулук ошондон көз каранды. Президент сот жана укук коргоо тутумун өркүндөтүү маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө соттор жана укук коргоо органдары коомдо болуп жаткан процесстерден четте калбай турганын белгиледи.

undefined

“Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөтүп тургандай, өлкөбүздөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдүүлүк алардын ишинин сапатынан көз каранды. Соттор жана укук коргоо органдары — миңдеген адамдардын тагдырлары чечилип жаткан өзгөчө маанидеги мамлекеттик институт. Андыктан, судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кесипкөйлүктүн төмөндүгүн жана бир жактуулукту көрсөтүп, мыйзамдуулуктун принциптерин бузса, конкреттүү бир судья, же кызматкер гана уят болбостон, жалпы мамлекеттин беделине шек келтирилет, мамлекетке болгон ишеничке коркунуч жаралат. Канчалык ачуу болсо да, калк тарабынан айтылган бир чындыкты тайманбай моюнга алышыбыз керек: өлкөдө сот реформасы жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, сот жана укук коргоо системалары өздөрүнүн негизги функциясын — бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү ишин жетиштүү жана натыйжалуу деңгээлде аткара албай жатат! Коомдо ушундай пикирдин үстөмдүгү сакталып жаткандыгын эскерте кетейин», — деди Президент.

undefined

Садыр Жапаров сөзүн улай өлкөдө иштеп жаткан айрым эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүн эске салып, анда инвесторлордун сот жана укуктук системасына ишеничи төмөн экенин айтты. Мамлекет башчысы чет өлкөлүктөр Кыргызстандын сот тутумун алардын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргой албай турган орган катары карай турганын белгиледи.

“Мындай жагдайда биз — мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардагы биздин өнөктөштөрүбүздүн пикирлерин кунт коюп угуп, тийиштүү жыйынтыктарды чыгарууга милдеттүүбүз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

undefined

Ал азыркы учурда зарыл иш-чараларды реалдуу түрдө жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, эркибиз жетет деп терең ишенерин билдирди.

«Сот жана укук коргоо органдарында орун алган терс көрүнүштөр коомдогу укуктук нигилизимдин өсүщүнө өбөлгө түзүп, ошондон улам мыйзамга болгон урмат-сый жок болуп, мамлекетке болгон ишенбөөчүлүк күчөйт. Элибиздин „Мыйзам буйлаланган төөдөй — кайда бурсаң, ошол жака кете берет“, — деген укук коргоо органдарына жана сотторго карата калыпталып калган кабыл алуусун жеңүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүгө убакыт келип жетти. Биз конституциялык түзүлүштүн негиздеринин кол тийбестигин реалдуу түрдө камсыз кыла алатурган, укук тартипти, экономикалык мейкиндиктин биримдигин, жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын коргой алатурган сот органдарын түзүүгө тийишпиз», — деди мамлекет башчысы.

undefined

Президент улуттук укук коргоо жана сот ситемасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү башташыбыз керек деп белгиледи. Мурунку тажрыйбаны эске алып, кайра карап чыгып, эл-журттун кызыкчылыгындагы эффективдүү укук коргоо жана сот системасын түзүүнүн, соттук-укуктук реформаны жандандыруунун убакыт-сааты келди.

«Мыйзамдар укук коргоо ишине жана сот өндүрүшүнө тоскоолдук жараткан сенек нерсе катары болбостон, заман талабына шайкеш келиши зарыл. Андыктан, мыйзамдарды сапаттуу жаңыртуу жана өркүндөтүү боюнча иштер төмөндөгүдөй негизги этаптарды камтышы керек деп ойлойм:

биринчи этап — тергөө жана сот өндүрүшү маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын учурдагы абалына баа берүү, алардын негизги карама-каршылыктарын жана өркүндөтүүнүн баштапкы пункттарын аныктоо;

экинчи этап — мыйзамдарды өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу, учурдагы, негизги, келечектүү багыттарын аныктоо жана аларды жүзөгө ашыруу», — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Ал сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча алдыда боло турган иште укук коргоо жана сот тутумун реформалоодо колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтык болорун белгиледи. Мындан тышкары, сот реформасын ишке ашыруу үчүн мамлекет жетиштүү каражат бөлүп берет жана системанын ачык-айкындыгын жана адилеттүүлүгүн камсыздоо максатында санарип технологияларды киргизүүнү улантат.

“Мыйзамдарды алтын тамгалар менен жазып, сот тутумундагы реформалар жөнүндө тынымсыз айтып турсак дагы, ошол эле учурда судьялар өз милдеттерин аткарууда мындай жүрүм-турумга жол беришсе дагы, сот тутумун өркүндөтүүгө багытталган иш-аракеттерибиздин бардыгы маанисиз болуп калат”,-деди Жапаров.

Президенти Садыр Жапаров иш-чаранын бардык катышуучуларынын көңүлүн Чүй облустук сотунун төрагасынын мас абалында жумуш бөлмөсүнүн эшигин ачууга аракет кылган видеотасмага бурду. “Чүй облустук сотунун төрагасынын бул жүрүм-туруму соттун жогорку даражасына туура келбестигине көңүл бурду, ал мындай көрүнүшкө жана жүрүм-турумга жол бербеши керек”,-деди президент.

Муну менен, өлкө башчы тергөө органдары, мамлекеттик айыптоочулар жана судьялар мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрүн адилеттүү сот процессинде талашуу мүмкүнчүлүгүн берген чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керектигин айтты.

undefined

«Жаңыланган мыйзамдар формасы жана мазмуну боюнча мезгилдин духуна, коомдук муктаждыктарга, илимий ыкмаларга жана практикалык тажрыйбага дал келиши, эл аралык укуктук стандарттарга шайкеш келиши зарыл. Сот өндүрүшүнүн жол-жобосу ачык-айкындуулуктуу камсыз кылууну, сот ишин козгоп жаткан жарандардын жана юридикалык жактардын чыгымдарын азайтууну, тергөө мөөнөттөрүн, айыпталуучулардын камакта жаткан мөөнөтүн кыскартуу багытында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. Сотко чейинки жана сот өндүрүшүнүн жүрүшүндөгү бурмалоону жоюу механизмдерин камсыз кылуу маанилүү. Ал эми мамлекет ар бир жаранга квалификациялуу юридикалык жардамды камсыз кылууга милдеттүү», — деп белгиледи Садыр Жапаров. Учурдагы кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттердин жүрүшүндө ведомстволук амбицияларды эмес, жарандын, ар бир конкреттүү адамдын кызыкчылыгы жогору коюлушу керек. Жазык жана процессуалдык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык так жүргүзүү абзел”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий