• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук статистика комитети коронавируска каршы күрөшүүгө акчалай жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Улуттук статистика комитети жана анын карамагындагы мамлекеттик статистиканын аймактык органдары коронавируска каршы күрөшүүгө акчалай каражат бөлдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Ага ылайык, Улуттук статистика комитети жана анын карамагындагы мамлекеттик статистиканын аймактык органдары COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына каршы күрөшкө 705 миң сом бөлүп берди. Анын 446 миң сому Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине которулса, 86 миң сом Саламаттык сактоо министрлигине багытталды.

Ошондой эле 112 миң сом аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк сатып алууга жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий