• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук суусундуктун пайдасы

Дүр дүйнө 0

Илгертеден кыргыздарда “Бээнин сүтү миң ооруга даба” деп айтылат. Анткени жылкы баласы жаныбарлардын ичинен анча-мынча ача туяктуулардай илдеттерге чалдыга бербеген, чөптүн түрүн тандап жеген төрт түлүктүн бири. Мына ушундай кастарлуу жаныбардын сүтүнөн жасалган кымызды кыргыздар баалап барктап ичишкен.

Кымыз — бээ сүтүнөн ачытылып, атайын ыкма менен даярдалган улуттук суусундук. Ал мал чарбасы өнүккөн байыркы көчмөн элдерде пайда болгон.

Адистердин айтымында, учурда кымыздын дарылык касиети изилденип, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан кеңири пайдаланылууда. Кымыздын курамында кишинин ден соолугуна эң керектүү болгон амин кислоталары, белок, кант жана башка көп заттар бар. Алар толугу менен организмге сиңет (95%). Кымызда 2-2,5% белок, 1-2% май, 3,5% кант, С, А жана В тобундагы витаминдер болот. Кымыз ичеги-карындын маңыз бөлүп чыгаруусун күчөтүп, тамакка табитти ачат. Жүрөк, кан тамыр, дем алуу жана нерв системаларын дүүлүктүрүп, кубаттандырат. Уйкуну келтирип, талыкшытат, кан басымды жогорулатып, жүрөктүн иштешин күчөтөт. Өзгөчө эрте жаздагы жаш бээнин сүтүнөн ачытылган ууз кымыздын дарылык касиети күчтүү. Кымыз кургак учук, айрым ичеги-карын оорулары, аз кандуулукта жана башкаларда дагы колдонулат.

Чүй районунун жашоочусу Асел Токтогулова билдиргендей, кымыз иммунитетти көтөрөт жана денени чыңдайт. “Жаздын апрель-май айында тоого барып 10 күн кымыз ичип келем. Жыл бою оорубай жакшы жүрөм. Кымыз ичкенге чейин бат-баттан эле ооруп кала берчүмүн”, - дейт ал.

Кошумчалай кетсек, кымызды бөтөлкөгө куюп, узак убакыт сактоо технологиясы иштелип чыгып, өндүрүшкө киргизилген. Бээнин жаңы саалып алынган сүтү 26-28°С температурада таза сүт кычкыл бактерияларынан жана сүт ачыткысынан турган ачыткы кошулуп ачытылат да, 45-60 мүнөт аралаштырылат. Андан кийин бөтөлкөлөргө куюлуп, оозу бекем жабылып, 20-22°С температурада 30-40 мүнөт кармалат. Бөтөлкөгө куюлган кымыз 4-6 градуста сакталат.

  • Кымыздын көөрөнгүсү ачып жатканда, кургак учук таякчаларына каршы антибиотикалык заттарды бөлүп чыгарат.
  • Кымыз ашказандын секрециялык жана башка тамак сиңирүүчү органдардын ишин нормалдаштырат.
  • Кымыз он эки эли ичегинин жана ашказандын жарасынын басаңдоо стадиясында, ошондой эле дизентерия жана келте оорусунда жакшы жыйынтык берет.
  • Кымыз бактерия, ошондой эле ичеги таякчаларынын микробдорун өлтүргүч касиетке ээ.
  • Кымыз канга да жагымдуу таасирин тийгизет: канды көтөрөт, лейкоцит формуласын жакшыртат.
  • Кымыз рактын өөрчүсүн басаңдатат.
  • Кымыз теринин ошондой эле организмдин жаштыгын сактап калууга жардам берет.

Даярдаган: Назик Эсенбек кызы

Пикир

Оставить комментарий