• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук тарых музейинде тарыхый күн

Коом 0


Бишкек, 19.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкектеги Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөө иштеринен кийин салтанаттуу ачылды. Ал эми эртең, 20-ноябрдан тарта музей бардык каалоочулар үчүн өз эшигин ачат.


Биринчи он күндүктө, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.


Музей Кыргызстандын аймагындагы таш доорунан баштап бүгүнкү күнгө чейинки тарыхты көрсөтүп берет.

Пикир

Оставить комментарий