• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Улуттук тарых музейине алтын жалатылган өзгөчө комуз тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. КР Улуттук тарых музейине өрүктөн жасалып, таза алтын жалатылган өзгөчө комуз тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, кеңири коомчулук катышты.

Чыңгыз Эсенгул уулу мындай улуттук аспаптын өзгөчө болуп жасалышы, Улуттук тарых музейинен орун алышы абдан жакшы жаңылык болуп калганын айтып, өзгөчө келген меймандар жана туристтерди кызыктырган экспонат боло тургандыгын баса белгиледи.

Ата-бабалардан мурас катары сакталып келген комуз жеке ишкер тарабынан бешинчи ирет жасалган. Эки комуз буга чейин өткөрүлгөн 2015-жылы Ош шаарында өткөн айтыштын жеңүүчүлөрүнө тапшырылып, үчүнчүсү жакын арада өтө турган акындардын айтышында тапшырыла турганы белгилүү болду. Ал эми төртүнчүсү «Сулайман-Тоо» Улуттук археологиялык музей комплексине тапшырылган.

Өрүк комузду Марат Берикбаев чаап, аны алтынга ширеткен зергер Али Мамарасулов болду.

Пикир

Оставить комментарий