• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук тазалык күнү: Өлкөдө эки айга созулган "Таза мурас" өнөктүгү башталат

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын аймагында эки айга созулган "Таза мурас" өнөктүгү башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов билдирди.

Анын айтымында, эки күн мурун президенттин Улуттук тазалык күнү тууралуу жарлыгы чыккан.

"Жарлыктын алкагында Кыргызстанда 17-сентябрда тазалык күнү өткөрүлөт. Мындан сырткары, быйыл 2022-жылы — Тоолорду коргоо жылы деп жарыяланды, ошондой эле жаз айында "Жашыл мурас" акциясы башталып, 6 млн бак-дарак отургузулду. "Таза мурас" өнөктүгү 17-сентябрда старт алып, эки айга созулат. Экологияга байланыштуу ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгында эң таза шаар, райондор аныкталат", - дейт ал.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Бексултан Ибраимов өлкөдөгү 406 таштанды таштоосу жайдын ичинен 61ине гана уруксат берилгенин белгилейт.

Нет описания.

"Алардын жалпы аянты 600 гектарды түзөт. Алдыда калдыксыз технологияны киргизүүнүн алдында турабыз. Калктын санынын өсүшү менен таштандынын көлөмү дагы жогорулайт. Жерге көмүлгөн калтыктардын 70 пайызы кайра иштетүүгө жарамдуу. Жаралып жаткан көйгөйдү эки жол менен чечсе болот: катуу калтыктарды кайра иштетүү жана аны өзүнчө бөлүп чогултуу", - деди Ибраимов.

Ал эми маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков экология жаратылышка гана эмес адамга да тиешелүү болорун белгиледи.

Нет описания.

“Министрлик өнөктүккө үч багытта колдоо көрсөтөт. Биринчиси, кандай гана долбоорлор болбосун маалыматтык колдоо көрсөтөт. Экинчиси, “Кыргыз жараны” концепциясынын аткаруусунун алкагында жарандарга табият менен таттуу мамиледе болуу түшүнүгүн жеткирүү. Үчүнчүсү, жаштар саясаты жаатында иш алып барабыз, башкача айтканда, жаштар кандай иштерди аткарышы керектиги боюнча атайын программа иштелип жатат", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий