• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук университет менен ММУнун жаңы макулдашуусунда кандай жаңычылдык бар? – ректор Садовничийдин жообу

Коом 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Бүгүн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Россиянын М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети кызматташуу боюнча жаңыланган Меморандумга кол коюшат.

Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий "Кабар" агенттигине билдиргендей, бул макулдашуу ар тараптан тажрыйба алмашууга өбөлгө болот.

"Бул "Вернадский" программасы түрүндө илимий изилдөө жана башка тажрыйбаларды алмашууларды камтыган консорциум өңдүү болууда. Бул биздин кызматташуу үчүн жаңы кадам болот", - деди ал.

Белгилүү болгондой, Садовничий айткан "Вернадский" программасынын маңызы башка окуу жайлар менен алардын алдыга чыккан тармактары боюнча кызматташууда жатат. Кызматташуу, биргеликте иш алып баруу бирдиктүү кафедра, лабораторияларды уюштурууну камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий