• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Дааратканада жаткандар КУУ Юридика факультетинин студенттери, алар таблетка ичкен – милиция

Коом 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Кыргыз улуттук университеттин Юридика факультетинин дааратканасында жаткан 4 жигит эс алдыруучу таблетка ичип алышкан. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү болжол менен саат 15:00 милиция кызматына Киев көчөсүндө орун алган окуу жайдын дааратканасында эссиз жаткан төрт жаш бала тууралуу маалымат түшкөн.

"Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, эссиз жаткан балдарды көрүшкөн. Алар "Тез жардам" чакырып, балдар медициналык жардам алышкан. Андан кийин балдар наркологияга жеткирилип, текшерүүдөн өткөн. Бирок, алар ичимдик ичкени же баңгизат колдонгону аныкталган эмес", - деп билдирет милиция кызматы.

Ал балдар, эс алдыруучу таблеткаларды ичип, өздөрүн начар сезип калганын айтышкан. Милиция алар маек жүргүзүп, андан соң кое беришкен.

Пикир

Оставить комментарий