• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук энергохолдинг шайлоо күнү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Улуттук энергохолдинг Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү электр энергиясы менен угүлтүксуз камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Ведомстводон билдиргендей, холдингдин буйругу чыккан, ага ылайык энергетика компаниялары Улуттукхолдингдин туунду компанияларынын борбордук аппараттарында, ошондой эле акционердик коомдордун түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана филиалдарында күнү-түнү күзөт уюштурат.

Бардык компаниялардын башкы директорлоруна шайлоо тилкелерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жооптуу адамдарды дайындоо тапшырмасы берилген.

Буйрукта ошондой эле ЖЭБге, ГЭСке жана 500-35 кВ көмөкчордондоруна өзгөчө көңүл буруп, видеобайкоо мүмкүнчүлүгүн уюштуруу менен ишканалардын объектилериндеги кирүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүү, буюмдарды, кол жүгүн жана башка жүктөрдү тыкыр кароонун зарылчылыгы белгиленген. Ушул максатта зарыл болгон шартта КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартылат.

Мындан тышкары, авариялык абалды тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык-оңдоо запастарын даярдоо жана электр энергиясын берүүнүн үзгүлтүккө учурашына жол бербөө тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий