• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кыргызстандык тасмаларды Youtube'дан көрүүгө болот

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын режиссерлору тарткан Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кыргызстандык тасмаларды Youtube'дан көрүүгө болот. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

"Кыргызфильм" киностудиясынын Youtube каналында "Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тасмалар" аттуу бөлүм бар. Кино сүйүүчүлөр ал жерден көркөм жана документалдык тасмаларды көрө алышат", - деп билдиришти Кинематографияны өнүктүрүү фондунан.

Ал бөлүмдө "Саманчынын жолу" (1967, реж. Геннадий Базаров), "Эрте келген турналар" (1979, реж. Болот Шамшиев), "Чолпонбай" (1982, даректүү тасма, реж. Кадыржан Кыдыралиев), "Менин айылымдын жоокерлери" ("Солдаты моего аила") (1985, даректүү тасма, реж. Каридин Акматалиев), "Жоокердин сөзү" ("Слово солдата") (1985, даректүү тасма, реж. Аскар Жамгырчинов), "Эскерүү" ("Память") (1985, даректүү тасма, реж. Лиля Турусбекова), "Советтик Кыргызстан" киножурналдарын (1942-жылдагы чыгарылыштары) жана башка тасмаларды көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий