• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык башталды

Президент 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2020-жылы Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет, бул жеңишке Советтер Союзунун бир тууган элдери фронттогу жана ооруктагы биримдиги жана эрдиги менен жетишкен.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк-тарыхый маанисин эске алып, фашизмди талкалаган совет элинин каармандыгына жана эрдигине терең таазим кылып, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоо максатында Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын жалпы элдик майрам катары белгилөө жөнүндө токтом кылынат.

Кыргызстандын өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүү, үч айлык мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү деңгээлде негизги майрамдык иш чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган мемориалдык комплекстерди, эст еликтерди жана обелисктерди жаңылоо боюнча чараларды кабыл алуу ж.б. тапшырылды.

Аталган жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий