• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Садыр Мамбетходжаев каза болду

Коом 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Кечээ, 27-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Садыр Мамбетходжаев 96 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, С.Мамбетходжаев 1926-жылы 12 майда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ак-Жар айылында туулган. Ал 1944-45-жылдары Белорусь фронтунда согушка катышкан.

Бишкек шаардык мэриясы ардагердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий