• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Валентина Касатых дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Ленин райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Валентина Андреевна Касатых мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Валентина Андреевна 16 жашында согушка катышкан. Кыска мөөнөттүү даярдоо курстарын аяктагандан кийин, ал өзүнүн полчандары менен бирге өзгөчө маанидеги стратегиялык объектилерди коргоого киришкен. Чалгындоо операциясынын жүрүшүндө ал диверсантты кармаган. Бул аракети үчүн ал "Аскердик кызматы үчүн" медалы менен сыйланган. Бул жылдар аралыгында Жеңиштин юбилейлеринин урматына “Германияны жеңгендиги үчүн”, “Г.К.Жуков” медалдары жана башка сыйлыктар менен сыйланган Валентина Андреевна чексиз чыдамкайлыктын, чексиз кайраттуулуктун жана эрктүү мүнөздүн үлгүсү. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", - деп айтылат маалыматта..

Мэриядан белгилешкендей, туугандары келгенден кийин боло турган тажияны уюштурууга жана өткөрүүгө муниципалитет катышууда.

Бишкек шаарынын мэриясы Валентина Андреевна Касатыхтын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий