• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеңиш күнүн утурлай Бишкек гарнизонунун аскерлери салтанаттуу маршка даярданууда

Коом 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 9-майында Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болот. Иш-чара Бишкек гарнизонунун аскерлеринин өздүк курамынын катышуусу менен өтөт.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, эскерүү иш-чарасына согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле борбордун тургундары жана коноктору катышат.

Борбор калаанын түштүк дарбазасында (южная ворота) салттуу болуп калган эл аралык "Өлбөс полк" акциясы башталат.

Эскерүү күнүн утурлай Бишкек гарнизонунун аскерлеринин өздүк курамынын салтанаттуу марш менен өтүүсүнө жана Улуу Ата Мекендик согуштун убагындагы курал-жарактарды жана аскердик техникаларды көрсөтүүгө даярдоо машыгуулары өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий