• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуу Британия элчисинин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктады

Саясат 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков күн мурун дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашкан.

Министр Айдарбеков элчиге мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын Улуу Британия менен алакасын мындан ары да бекемдөө ниети бар экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий