• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуу Британия коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү

Дүйнө 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Улуу Британия коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, Улуу Британияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 85 миң 208ге жетти. Кытайда 83 миң 135 адам илдетти жуктурган. Ошол эле учурда Британияда вирустан 10 миң 829 адам каза болгон. Ооруну жуктургандардын көбү АКШда - 557 миң 590 адам, Испанияда 166 миң 831 адам, Италияда 156 миң 363 адам, Францияда 133 миң 670 адам, Германияда 127 миң 854 адам жуктурган. Ал эми вирустан АКШда 22 миң 109 адам каза болуп, илдеттен көз жумган өлкөлөр арасында биринчи орунда турат.

COVID-19 илдетин дүйнөдө 1 млн 851 миң 531 адам жуктурду. Алардын 114 миң 290у каза болсо, 434 миң 793 жаран оорудан айыкты.

Пикир

Оставить комментарий