• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуу Британия менен Кыргызстандын театр ишмерлери Шекспирдин эки пьесасы даярдалууда

Маданият 0

Бишкек, 04.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Улуу Британия менен Кыргызстандын театр ишмерлери улуу драматург Уильям Шекспирдин эки пьесасын Бишкекте жана Лондондо коюшат.

Оюнду коюу үчүн британиялык режиссерлор “Макбет” жана “Ричард III” пьесаларын тандашкан.

“Ричард III” буга чейин 31-августта Оштогу Захреддин Бабур атындагы Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрында коюлган. Ал кыргыз, өзбек жана англис тилдеринде коюлгандыктан абдан зор резонанс жаратты. Ноябрда ушул эле спектакль Лондондогу белгилүү “Глобус” театрында көрсөтүлөт”, - деди “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР эл жазуучусу Султан Раев.

Ал бул долбоор эки тараптын элчиликтеринин колдоосунда болуп жаткандыктан зор маанилүү экенин белгиледи. Бишкекте театр сүйүүчүлөр сентябрдын ортосунда же ноябрдын башында көрө алышат.

Пикир

Оставить комментарий