• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуу Британия парламентинин өкүлү: «Жогорку Кеӊештин жаӊы Өнүгүү стратегиясында көптөгөн жаӊычыл долбоорлор камтылган»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жаӊы Өнүгүү стратегиясында Кыргызстанды өнүккөн парламенттик демократиялуу мамлекетке айлантуу максатын көздөгөн көптөгөн кызыктуу жана жаӊычыл идеялар камтылган. Бул тууралуу Бириккен Улуу Британия менен Түндүк Ирландия парламентинин Лорддор палатасынын мүчөсү Элисон Сьютти Жогорку Кеӊештин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференциянын жүрүшүндө билдиргенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Ал эми Бириккен Улуу Британия Королдугунун Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Фил Каллиган Өнүгүү стратегиясын иштеп чыккан жумушчу топтун мүчөлөрүн ийгиликтүү иш жыйынтыктары менен куттуктап, Улуу Британия парламентаризмди өнүктүрүү жаатында мол тажырыйба топтогонун, азыр да парламент тутумунда айрым бир алгылыктуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. «Биздин өкмөт кыргыз тарап, анын ичинде кыргыз парламенти менен алакаларын арттырууга даяр. Улуу Британия менен Кыргызстандын парламенттери өз ара тажырыйба бөлүшүп, өнүгүү долбоордорун биргелешип ишке ашырса болот», - деп, ал демократиялык ачык коом куруу узак жол экенин, бул багытта кыргыз парламентинде да оӊ жылыштар болуп жатканын белгиледи. Ал мыйзам чыгаруу жүрүшүн жакшыртуу, шайлоочулар менен байланышты чыӊдоо, адам ресурстарын башкарууну жолго салуу зарылдыгын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеӊештин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун усулдары менен жолдорун талкуулоого арналган конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий