• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуу Британияда жалпы улуттук карантин жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Улуу Британияда коронавирус инфекциясына байланыштуу жалпы улуттук карантин киргизилди. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү кечинде өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, Британиянын жашоочуларына жүйөөлүү себептер менен гана сыртка чыгууга уруксат берилет:

  • зарыл болгон товарларды сатып алуу үчүн – болушунча сейрек,
  • таза абада спорттук көнүгүүлөрдү жасоого – күнүнө бир жолу,
  • медициналык себептерден же башкаларга жардам берүү үчүн,
  • үйдө иштөөгө мүмкүн болбогон жумуштарга барууга гана жол берилет.

Мындан башка себептер менен үйдөн чыгууга тыюу салынат.

Карантин маалында дүкөндөрдүн, ресторандардын жана көңүл ачуучу жайлардын көбү жабык болот.

Буга чейин Италия, Испания жана Франция өңдүү Европанын бир нече өлкөсүндө да жалпы улуттук карантин киргизилген.

Акыры маалыматтар боюнча Улуу Британияда коронавирус жуктургандардын саны 6650 адамга жетип, 335 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий