• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуу Британиянын элчиси Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 18.08.17 /Кабар/. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит Жалал-Абад шаарында болуп, шаар жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана коомчулук менен байланыштарды арттыруу боюнча баарлашты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Мартабалуу элчи менен шаардын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов жана анын биринчи орун басары Турдали Темирбаев баарлашып, алар шаар жана анын өндүрүштүк, маданий потенциалы, акыркы учурда жүргүзүлүп жаткан иштер, шаарды ар тараптуу өнүктүрүү багытындагы келечек пландар жөнүндө кеңири маалымат беришти. Шаарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү долбоорлорунун кандайча ишке ашып жатканы тууралуу айтуу менен, С. Авазов шаарда коомдук туруктуулук бекем, калктын маанайы жакшы экенин белгиледи. Ошондой эле алдыда турган президенттик шайлоолорду таза жана мыйзамдуу өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттер болуп жатканын кошо маалымдады.

Элчи Робин Орд-Смитти шаарды өнүктүрүүнүн келечек багыттары кызыктырып, кийинки кездерде Кыргызстанда аймактар да жакшы өнүгүп жатканы байкаларын, бул жакшы тенденция экенин баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан, анын аймактары менен эки тараптуу кызматташуулардын кеңейиши жалпы өнүгүүгө көмөк боло турганын кошумчалады.

“Кыргызстанда таза шайлоолорду өткөрүүгө болгон аракеттер байкалып жатат, бул демократиянын чыңдалышына болгон багытты тастыктайт”, - деди элчи.

Элчи Жалал-Абад шаарындагы жайгашкан “Жалал-Абад санаторийине” кызыгып, ал тууралуу да маалыматтарды алды. Ошондой эле шаардын алдыда турган ири инвестициялык долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусуна каалоо айтты.

Тараптардын өз ара баарлашуусу өз ара жагымдуу жана иштиктүү кырдаалда өттү.

Пикир

Оставить комментарий