• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон реанимациядан чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Лондондогу «Ыйык Фома» ооруканасынын интенсивдүү терапиясынан кадимки палатага которулду. Бул тууралуу британ басылмалары премьердин кеңсесинин билдирүүсүнө таянып кабарлашты.

Билдирүүдө Жонсон «айыгуунун алгачкы баскычында экендиги» жана дарыгерлер анын саламаттыгына көзөмөлдү улантып жатышканы жазылган.

Британ өкмөт башчысы коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. 6-апрелде ал ооруканага жаткырылып, эртеси интенсивдүү терапия палатасына которулган. Шаршемби күнү анын абалы турукташа баштаганы кабарланган.

Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин Падышалыктын тышкы иштер министри, Лондондун мэри кызматтарында иштеген.

Акыркы маалыматтар боюнча Улуу Британияда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 65 миңден ашты. Анын сегиз миңге жакыны каза болуп, 135и айыкты.

Пикир

Оставить комментарий