• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдинги жоюлат. Чыгым – 700 млн сом

Коом 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги жоюлууда, бул үчүн 700 млн сом каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, холдингдин капиталы 3,4 млрд сомду түзгөн.

“Анын дээрлик 100%ы бюджетке кайтарылат. Бирок, быйылкы жылдын ичинде милдеттенмелерди жабууга 700 млн сом калтырылууда. Салык инспекциясы тарабынан түшкөн дооматтар - 600 млн сом”, - деди министр.

Бакетаев белгилегендей, холдинг өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кендерди иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензия алган, ага ылайык алар белгилүү төлөмдөрдү төлөшү керек.

“Ошондой эле Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдында 11,8 млн сомдук милдеттенме бар. Мындан тышкары, кызматкерлердин эмгек акысына 20-30 млн сом, имараттардын ижарасы ж.б.”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий