• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” уставдык капиталын 2,5 млрд сомго көбөйттү

Экономика 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. "Улуу көчмөндөрдун мурасы" улуттук холдинги 25 млн акциясын 2,5 млрд сомго сатты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалат.

Жарыяланган маалыматтарга ылайык, баалуу кагаздарды алмашуу 29-сентябрда жүргүзүлүп, ар бир акциянын баасы 100 сомду түзгөн.

Августтун башында компания уставдык капиталды 7,1 млрд сомго көбөйтүү үчүн акциялардын кошумча көлөмүн чыгара тургандыгын билдирген.

Кошумчалай кетсек, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги өткөн жылдын декабрь айында түзүлгөн. Жалгыз уюштуруучу - Финансы министрлиги болуп саналат. Холдинг мамлекеттик үлүшү бар бардык тоо-кен компанияларын башкарат. Алгач анын уставдык капиталы 100 млн сомду түзгөн. Аны 8 млрд сомго чейин жеткирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий