• 84.68
  • 103.38
  • 1.15

“Улуу майрам биздин кайгыбыз дагы, салтанатыбыз дагы”, - Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов

Аймак 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Бүгүн, 9-май күнү Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдын негизги бөлүгү “Тянь-Шань” паркында эскерүү митинги менен улантылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстеликке гүл чамбарлар коюулуп, эскерүү минутасы жарыяланып, асманга ок атылды. Согушта курман болгондорго куран окулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы өкүлүнүн, шаар, район жетекчилеринин куттуктоолору айтылды.

Митингди ачкан шаар мэри Э.Алымкулов өз сөзүндө бул күндүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Жеӊиш күнүн көз жаш менен кошо келген майрам деп тегин жерден атабаган чыгаар. Улуу майрам биздин кайгыбыз дагы, салтанатыбыз дагы. Бул күндү биз эстен чыгарууга акыбыз жок. Азыркы муундун атынан кан майданда баатырларча курман болгондордун, бүгүнкү күндүн жарыгын кɵрбɵй калгандардын элесине жана ооруктун эмгекчилерине тизе бүгүп, тереӊ таазим этебиз»,-деди ал.

Иш чаранын жүрүшүндɵ паркка тигилген аскердик чатырдын ичине ардагерлерге жана ооруктун катышуучуларына шаардык мэрия тарабынан дасторкон даярдалып, солдаттык тамак берилди.

Майрамдык иш чара чакан концерт менен улантылды.

Белгилей кетсек, 9-май Жеңиш күнүнүн урматына жергиликтүү бюджеттин эсебинен согуштун ардагерлерине 8 миң сомдон, ал эми ооруктун эмгекчилерине 4 миң сомдон материалдык колдоо катары берилди. Майрамды уюштуруп, өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 миң сом акча каражаты каралды.

Пикир

Оставить комментарий