• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Улуу Жеңиш" дүйнөлүк мектеп олимпиадасында кыргызстандык окуучу кыз жеңүүчүлөрдүн бири болду

Жеңишке 75 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. "Улуу Жеңиш" дүйнөлүк мектеп олимпиадасында Россия менен Кыргызстандан 5 окуучу жеңүүчү болду. Бул тууралуу олимпиаданын уюштуруу комитети билдиргенин РИА Новости жазат.

Олимпиадада Марьяна Авдеенко (Саратов), Вячеслав Иванчин (Челябинск), Асел Искенова (Бишкек, Кыргызстан), Владимир Канунников (Сасово) жана Галина Машенцева (Волгоград) жеңүүчү болушкан. Бардык жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана белектер каралган.

"Калыстар тобуна жана бул жерде отургандардын баарына кам санабаңыздар деп айткым келет – дүйнө Улуу Жеңиш тууралуу эч качан унутпайт. Биз ага жол бербейбиз", - деген Асел Искенова.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган дүйнөлүк мектеп олимпиадасы ушул жылдын февраль айында онлайн форматта башталып, 3 онлайн турдан турган. Финалда анын катышуучуларына Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу эссе жазуу тапшырмасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий