• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуу Жеңишке 75 жыл: Согуш учурунда эмгектенген кыргызстандыктардын сейрек сүрөттөрү

Жеңишке 75 0

Зууракан Кайназарова - эки жолку Социалдык Эмгектин Баатыры. Кайназарова өзүнүн тобу менен кызылча жыйнап жатат.

Каганович району 1946-жыл. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Панфиловчулар дивизиясына белектер толгон поезди жеткирген Кыргыз ССРинин делегациясы.

Делегациянын жетекчиси Шүкүров. Сүрөт 1942-жылы Москва шаарында тартылган. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Совет аскерлерине "Советтик Кыргызстан" танкаларынын жөнөтүү учурунда. Танкалар Кыргыз ССРинин адамдарынын эсебинен курулган.

1942-жылы Челябинск шаары. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Комсомол Т. Айдаралиева кант кызылчасын себүүнү 200%га аткарган.

Сүрөт Кыргыз ССРинин Фрунзе облусунун Кант районунда тартылган. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Комсомолка Умарова Р. "Ардак белгиси" ордени менен сыйланган. Кыргыз ССРи 1944-жылы. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Сокулук районунун Калинин атындагы колхоздун кызылчачы Зууракан Кайназарова кант кызылчасын текшерүүдө.

Сүрөттү С. Харченко 1943-жылы тарткан. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

"Көк-Янгак" көмүр шахтасынын комсомол-жаштар бригадасы. Сүрөт 1943-жылы Көк-Янгак шаарында көмүр казуучу П.Атибаева, Т.Карабаева жана А.Калиева иштин алдында тартылган. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

"Октябрь" колхозунун төрагасы Ахмедов М. Совет маалымат бюросунун билдирүүсүн окуп жаткан чагы.

Сүрөт 1941-жылы "Октябрь" колхозунда тартылган. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Кыргыз ССРинин коргонуу фондуна өткөрүп берүү үчүн даярдоо бөлүмүнө койлорду айдап бараткан учуру.

Сүрөттү 1942-жылдын август айында Корнев тарткан. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Согушка аттанган эркектердин ордуна иштеген Кыргыз ССРинин кызы. Фрунзе шаарында фронттогуларга кийим тигүүчү фабрика.

Сүрөттү 1942-жылы Б.Блюмен тарткан. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Тракторчу Анна Соколова өзүнүн согушка кеткен эки тууганынын ордуна иштеп жаткан учуру.

Фрунзе облусу 1941-1942-жыл. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

СССРдин баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы Керимбүбү Шопокова. 1942-жылы жолдошу каза болгондугу тууралуу маалыматты уккан учурда. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Керимбүбү Шопокова Сокулук районунун Шопоков атындагы колхозунун кызылча айдоо бригадасынын бригадири. Социалисттик эмгектин баатыры.

Сокулук району 1970-жылы В.Жаданов тарабынан тартылган сүрөт. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Тигүүчү А. Айткулова кийим тигүүнү 180%га аткарган.

Сүрөттү 1942-жылы Фрунзеде Вильчиненко тарткан. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова – Сокулук районунун Калинин атындагы колхоздун пенсионери

Сүрөт 1970-жылы Сокулукта тартылган.

Сүрөттүн баары КРнын Борбордук мамлекеттик архивинен алынган. (Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).

Пикир

Оставить комментарий