• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуу Жеңишке 76 жыл. Атамдын “Кызыл Жылдыз” ордени

Коом 0

Соңку жүз жылдыкта кыргыз эли эки улуттук масштабдагы трагедияны баштан өткөрдү. Биринчиси, Улуу Үркүн. Акыркы расмий маалыматтар боюнча мында 120 миң жараныбыздан айрылганбыз. Экинчиси, Улуу Ата Мекендик Согушта майданга 365 миң жараныбыз аттанса, кайтпай калганы 114 миң 833 деп айтылат. Ал эми майып-мунжу болуп келгендери канча. Мунун кесепети күнү бүгүн кайта элек. 2020-жылга карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 523 миң болсо, анын ичинде кыргыздар 4 млн 804 миңди түзөбүз. Балким, жогорку трагедиялар болбогондо, калкыбыздын саны мындан көп болуп, канатыбыз дагы кенен жайылат беле?

СССР тууралуу бүгүнкү күндө ар кандай айтылат. Бирок, фашисттик Германияны совет мамлекетинин ресурсу, элинин биримдиги болбогондо жеңет белек ким билет?! Үч айдын ичинде бүтүндөй Европаны басып алып (анын ичинде Данияны бир күндө, Польша, Францияны бир айга жетпей алган) анын болгон-бүткөн ресурсун, адамдык потенциалын алдына салып айдап, кирип келген Германияга туруштук берүү оңой болгон эмес. Бүгүнкү Европаны канын суудай агызып жатып советтик солдаттар бошоткон. СССР жалпысы 27 миллиондон ашуун адамынан айрылган.

Боору бүтүн, башы эсен эч ким калган эмес

Бул согушта боору бүтүн, башы эсен үй-бүлө калган эмес. Анын ичинде биздин үй-бүлө да бар. Эки бир тууган Эгемберди менен Мамбеттин балдары бүт кеткен. Кыргызстан маданият кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы, Иманидин Эгембердиев брону болгонуна карабастан, өз каалоосу менен майданга кетип кайтпай калган.

Эгембердинин уулу Ыкый атам эмгек армиясында жүрүп эсен-аман келди. Ал эми атамдын агасы Дүйшөке Мамбетов кайткан жок. Дайынсыз.

Атам агасын өмүр бою күттү десем болот. Түшүмө кирди деп, боорсок жасатып, жол карап калчу. Жарыктык киши өзү кан майданда кан кечип жүрүп келди, канчалардын ар кандай себептерден улам белгисиз калганын деле көрдү, бирок күтө берчү.

Белгисиз жоокер жөнүндө Александр Твардовскийдин “Мени өлтүргөн Ржев алдында” деген ыры бар.

Мени өлтүргөн Ржев алдында,

Аты жок саздын өзүндө.

Бешинчи ротанын сол жак четинде,

Баш көтөргүс чабуул кезинде.

Жарылууну дагы укпадым,

Жарк эткенди дагы көрбөдүм.

Жар кырынан кулагандай кургуйга,

Жатып калгам кепини жок, көрү жок.

Ушул дүйнө жаралгандан, бүткөнчө

Жоокерликтин эч белгиси калбаган

Жамынганым гимнастерка өңү жок.

Мен – андамын, көзү сокур тамырлар,

Жердин алдын чырмап алчу өңдөнгөн.

Мен – андамын калып буудай тектирде,

Желаргыга боюн күүлөп термелген.

Мен – андамын, короз үнү чакырган,

Шүүдүрүмдү чертип өткөн таң атса.

Мен - андамын машинаңар силердин,

Аба-жарып өтүп жаткан тарапта.

А ал жакты уюп өскөн чөп баскан,

Агын суулар чачтай өргөн, термеген.

Мен – андамын, мени тууган энем да,

Мени эскерип, жашын төгүп келбеген.

Сталинград үчүн салгылашта...

Россиянын “Память народа” сайтынан атам Мамбетов Алымбек тууралуу кеңири маалыматтарды таптым десем болот. Атам 1941-жылы 28-декабрда майданга кетип, 362- аткычтар дивизиясына караштуу 1208- артиллериялык полкунда жоокерлик милдетин өтөй баштайт. Булактарда айтылгандай, 45 пайызы орус тилин билбегендерден куралган 1208-полк 1943-жылдын 10-январында Сталинграддын алдында согушка кирет.

Атам 1942-жылдын 22-декабрында 1208-полктун командири, гвардия майору Иван Алексеевич Чекиндин колунан “Сталинградды коргогондугу үчүн” медалын алыптыр. Биринчи сыйлыгы ушул.

Бул полктон Советтер Союзунун эки баатыры чыккан. Бири, кадимки Дайыр Асанов. Полктун күндөлүгүндө замбиректин мээлегичи (наводчик) Дайыр Асановдун эрдиктери, Кызыл жылдыз орденин алганы, Баатыр болгону үтүр, чекитине чейин жазылып калтырылган. Атам Дайыр Асанов Баатыр наамын алгандан кийин полкто кызмат кылган жердештерине келип коштошуп кеткенин айтканы бар.

СССР кезинде шаарда катталбасаң Фрунзеде ишке орношуу кыйын эле. Атам мени ээрчитип келип, Ленин райондук аскер комиссариатынын башчысы Д.Асановго кирип, шаарга каттоого тургузуп кеткен.

Душмандын 2 танкасын жок кылгандыгы жөнүндө

Атам андан кийин “Аскердик күжүрмөндүгү үчүн” (“За боевые заслуги”) медалы менен сыйланыптыр. Сыйлык баракчасында мындай делет. “Кызыл аскер Мамбетов Алымбек 1943-жылдын 28-декабрында Плещково айылы районунда душмандын артиллериялык жана пулеметтук катуу чабуулуна карабастан, 6-батареянын курамында 2 танкалык чабуулдун мизин кайтарып, 2 танканы жок кылды. 1914-жылы туулган, кыргыз, ВКП (б)нын мүчөсү, Кочкор РВКсынан чакырылган”.

Орденге татыган эрдик

Атамдын андан аркы майдандагы жолу 3-Украина фронтуна караштуу, 3-гвардиялык аба десанттык Суворов ордендүү дивизиянын, 8-гвардиялык аткычтар полкунда уланып, Украина, Молдова, Румыния, Венгрия, Австрияга жеткенде согуш аяктайт.

8-гвардиялык аткычтар полкунун согуштук аракеттери 3-гвардиялык аба десанттык дивизиясынын “Согуштук журналында” кенен чагылдырылган. 1945-жылдын 15-мартында мындай деп жазылган:

“Тапшырма: Ээлеп турган жерди колдон чыгарбоо, душмандын чыгыш-батыш тарапка өтүп кетүүсүнө жол бербөө.

Дивизиянын бөлүктөрү катуу салгылаштан кийин 126-бийиктигин жана Шандорду калтырып – фронттун түндүк-батыш жагындагы Корчма темир жолун бекем жайгашып алышты. Ээлеген чекти катуу коргогон дивизиянын бөлүктөрү, 15-мартта күнү бою, саат 10.50дөн 12.15ке чейин душмандын Шандор багыты менен Корчманы көздөгөн, ар биринде 25 танка болгон эки батальондун кайра чабуулунун мизин кайтарды. Душман 100гө жакын аскерин, 8 танкасын жоготуп, мурдагы ордуна кайтууга аргасыз болду.

Душман 14-мартта 126-бийиктиги жана Шандорго чабуулунда оор жоготууларга учураса, 15-мартта эки жолу кайра чабуул жасап, биздин коргонуу чегибизди бузуп өтүүгө аракет кылды. Бирок, 100гө жакын офицер-солдаттарын, 8 танкасын, 5 брондолгон унаасын жоготуу менен ийгиликке жетише алган жок. Дивизиянын бөлүктөрү ээлеген чектерин бекем кармоону улантышууда”.

Атам дал ушул күндөрү душмандын мизин кайтаруудагы эрдиги үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйланат. Сыйлоо баракчасында минтип жазылат. “15.03.1945-жылы абдан оор коргонуу согушунда жол. Мамбетов өзүнүн чегин каармандык менен коргоп, чабуул койгон душмандын мизин кайтарып турду. Душман жан кечтилик менен качырып жакын аралыкка келгенде өзүнүн мылтыгы менен 4 душманды жок кылды. Ошол учурдагы катарындагы пулеметчикке ок тийгенин көрүп, жолдош Мамбетов анын окобуна сойлоп жетип, пулеметту алып чабуул коюп келаткан душмандын үчөөнү жок кылды. Жолдош Мамбетовдун мындай аракети жоокерлерди да шыктандырды. Душмандын бардык чабуулу майтарылды. Немистик-фашисттик баскынчыларга каршы салгылашта чечкиндүүлүк жана каармандыкты көрсөткөндүгү үчүн жолдош Мамбетовду өкмөттүк “Кызыл Жылдыз” орденине көрсөтөмүн”.

8-гвардиялык аба-десанттык Богдан Хмельницкий ордендүү аткычтар полку. Гвардиянын полковниги.../Десятниченко/.19-март 1945-жыл. Аракеттеги армия. 3-Украина фронту.

Атам сыйлыкты 3 гвардиялык аба десанттык Кызыл Туулу Суворов ордендүү Уман дивизиясынын командири Иван Никитич Коневдин 1945-жылдын 24-мартындагы 017/Н буйругу менен алган.

Аман келип, адал мээнет менен жашап өттү

Атам 1946-жылы алты саны аман кайтып келген. Төбөсүндө гана катар кеткен эки октун тагы бар эле. Согушта 1944-жылы 15-майда жарадар болгону өздүк баракчасында сакталып калган. Атам майдандан келгенден кийин райондук Керек-жарак коомунда финансы агенти болуп иштейт. Согушка чейин бир аз мугалим болуп иштептир. Эмнегедир ал кесибин кийин улантпаган. Бирок, 8-класска чейин менин орус тили, математика, алгебра боюнча үй тапшырмаларымды атам жазып берчү. Алгебрадан беш ала берип, кыйратат деди окшойт, агайым райондук олимпиадага жибергени, анан кыйратпай кайра келгем.

Атам абдан эмгекчил, эч качан жулунбаган, мээнети менен оокат кылган адам эле. Мен эс кирип калганда чарбанын малын бакканга өттүк. Уй бактык, кой бактык дегендей. Атам чарбанын коюу эмес, коюнун жүнүнө да зыян кылбай, адал багып, дайыма кемитпей, алмаштырбай, жоготпой өткөрүп берип жүрдү. Менин чыгармачылыгыма атамдын түздөн-түз таасири бар. Анткени, Арстанбек, Жеңижок, Калык жана башкаларды тамга тааный электе атамдан угуп чоңойдум.

Биз 8 бир тууган элек. Эки иним Бактыбек менен Эмилбек жерде. Апам Мусагул кызы Сыяпат кайраттуу, колунан көөрү төгүлгөн киши эле. Бизди багам деп жүрүп ден соолуктан ажырады окшойт 54 жашында кан басымы оорусунан кете берген. Апам согуш маалында оорукта иштегендерин, андагы кыйынчылыктарды көп айтчу. Кезегинде китеп-кагаздан эчтеме жок, чопого жазып сабатын ачыптыр. Бир ирет апамды ээрчип жалгыз бир тууганы Жумакан таекемдин үйүнө барсам, өзү дүкөнчү эле, дүкөндөгү Манас баштаган элдик эпосторду бир мүшөк кылып салып берген. Биринчи класста болчумун. Жаңы эле эжелеп окуй баштаган жаным, эпостор дүйнөсүнө кирип кеткем.

Кайран кишилер... Бири согушта кан кечсе, бири оорукта мээнет тартышкан. Кийин деле турмуш оорчулугу чекелеринен сылап койгон эмес. Эми алардын өмүр-тилегин балдары биз улантып жатабыз... Буга да шүгүрчүлүк. А канчалар майдандан кайтпай калды.

Темирбек Алымбеков

Пикир

Оставить комментарий