• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуу Жеңишке 76 жыл. Калкына кайтпай калган кайрандар. Иманидин Эгембердиев

Коом 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Иманидин Эгембердиев менен менин атам Мамбетов Алымбек эки бир туугандын балдары. Атам Мамбетов Алымбек 1941-жылы декабрдын аягында согушка кетип, 1946-жылы кайтып келген. “Кызыл Жылдыз” ордени баштаган бир катар орден-медалдардын ээси.

Ал эми Иманидин агабыз айылыбыздын чыгаан уулдарынын бири болгон. Бала кезимде таенемден, башка ал кишини көрүп калгандардан, иниси Ыкый атамдан укканыма караганда өзү кагелес (арыкчырай, катыңкы) , абдан куудул, тамашөкөй, жамакчы адам болгон экен. Таенем ар нерсени туурап же жамактап жиберип кишини укмуш күлдүрчү дечү эле.

Анын иниси, журналист-жазуучу, бейиши болгур Жумакадыр Эгембердиев агабыздын чогулткан маалыматтарына караганда, соолуган согуштан мерт болбогондо кыргыздын кыраандарынын бири болмок экен. Кубанычбек Маликов, Зияш Бектенов ж.б. интеллигенция өкүлдөрү аны өтө өкүнүү менен эскеришкенин Жумакадыр агам көп айтчу.

Ал 1914-жылы туулган. 20 жашында, тагыраагы 1934-жылы Москвадагы Луначарский атындагы искусство институтунун актёрдук бөлүмүнө кирет. 1937-жылы 3-курстун экзаменин үч айдын ичинде ийгиликтүү тапшырып, андан ары окуусун бүтөөрүнө бир жыл калганда республикада жетекчиликке жөндөмдүү, билимдүү кадрлар жетишпей жаткандыктан, окуусунан чакыртылып, Фрунзе обком партиясынын катчысы кызматын аркалайт. Андан бир жыл өтпөй 1938-жылдын аягында Кыргызстандагы профсоюздар уюмун уюштуруу жана жетектөө тапшырылат. (Кыргызстан маданият кызматкерлеринин профсоюзунун негиздөөчүсү жана төрагасы болгон).

Улуу Ата Мекендик Согуш башталганда согушуп жаткан армияга жардам берүү боюнча ооруктагы элди заемго жаздыруу милдети да кошо жүктөлөт. Чоң Чүй каналынын казылышына жетекчилик кылгандардын жана анда алгачкы жолу социалисттик мелдешти уюштуруучулардын бири болгон. Брону болгонуна карабай майданга кетип, Алтайда офицерлерди даярдоо курсунан даярдыктан өткөндөн кийин, 1942-жылы ортосунда улук лейтенант аскердик наамы менен батареянын командири катары Калининград фронтунда согушка аралашат. Кийин капитан наамын алган. 1944-жылы 17-апрелде катуу жаракат алып, госпиталда каза болот. Сөөгү Калининград областынын Пустокин районундагы Каныма кыштагына коюлат.

Ал иштеген профсоюз имаратында сүрөтү менен эстелик такта коюлган. Бул республикадагы адамдын иш ордуна коюлган алгачкы эстелик такта. Анын ысмы Кочкор районундагы өзү туулуп-өскөн Талаа-Булак айылындагы (Дөң-Алыш) көчөлөрдүн бирине берилген.

“Ата Мекендик Согуш”, “Кызыл Жылдыз” ордендери жана медалдар менен сыйланган. Отуздун кырында ойрон болгон кайран кишиден тукум калган жок. Бул агабыздай канча деген гана тагдырлар талкаланбады...Соолуган согуш деп ошон үчүн айтабыз...

Темирбек Алымбеков, журналист

Пикир

Оставить комментарий