• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Умай эне, Камбар ата, Куумайык деген түшүнүк кайдан чыккан? Пирлерди сөздүгү менен сунуштайбыз

Дүр дүйнө 0

Кыргыз эли ааламдагы бүт нерселер өзүнөн-өзү пайда болгон эмес деген түшүнүктө жашашкан. Жаратылыш, табият менен таттуу мамиледе болууну негизги эреже катары тутушуп, ар биринин колдоочусу болот деген ойдо болгон. “Кабар” маалымат агенттиги сиздерге элдик адабияттан топтолуп, чогултулган кээ бир пирлердин тарыхын сунуштайт.

Башталышын бул жерден окуй аласыз.

Дыйкандын пири — Бозкептер, Баба дыйкан

Баба дыйкан эгиндин, дандын ээси, калкалоочусу экен. Ал мифтик элестетүүдө "Бозкептер" образында баяндалат. Баба дыйкан үрөндүн өнүшү, эгинге илдет аралабоосун, данга береке берүүсүн калкалап сактап турат имиш. Кыргыздар дандын берекеттүү болушун баба дыйкандан күтүп, биринчи кызылды сузарда аны дөбөдөй кылып үйүп, кой союп, кызылдын үстүнө кан чачып баба дыйкандын жолун жолдойт. Кызылды, үймөгү менен түнөтүп, баба дыйкан боз кептер болуп учуп келип, үймөккө конушун күтөт. Боз кептер келип, кызылга конуп кетчү болсо данга берекет берет имиш.

Кыргыздарда үрөн сепкенде "менин колум эмес, баба-дыйкандын колу", — деп себишет. Орок салганда же кырман салганда "баба-дыйкан берекеси бер" деп тилек кылат.

Жылкынын пири — Камбар ата

Камбар ата жылкынын ээси, жылкынын колдоочусу жана калкалоочу бабасы имиш. Ал жылкыны илдеттен тазартып, апааттан тукумун калкалап өнүгүп-өсүшүн колдоп жүрөт экен.

Камбар ата кайыптан буудандарды төлдөтүп, Манастын Ак куласы сыяктуу касиеттүү аттарды жетиштирүүдө зор колдоочу болгондугу кыргыз эл оозеки адабиятында көп баяндайт. Анын аттары адам катары сүйлөй алат, кеменгер катары ээсине акыл-кеңеш берет.

Эчкинин пири — Чычаң ата (Шыйпаң ата)

Чычаң ата эчкинин ээси, аны калкалоочу, сактоочу атасы. Ал жөнүндө төмөнкүдөй эки аңыз айтылат:

1.Илгери жалаң эле кой болчу экен. Ал эми, Муса пайгамбардын ырыскысына атайын чычаңдуу кой туулуп, "Чычаң ата" аталып, анын тукумдары эчки болуп калган имиш.

2.Чычаң ата баласыз киши экен. Бала деп зарлап жүрсө, катыны кишиге окшош чанач төрөптүр. Ал чоңойгондо (төрөлгөндө) адам кейпине кирген менен чычаң өсүп чыккан экен, ошого Чычаң аталып калыптыр.

Койдун пири — Чолпон ата

Чолпон ата койдун ээси, анын тукум уругунун өркүндөп өсүшүнүн калкалоочусу. Чолпон ата кой ээси деген ишеним, түшүнүк болуп, койлорго илдет жармашканда, кой төлдөгөндө "Чолпон ата колдо!" деген касиеттүү сөздөр айтылат. Бирок, оозеки адабиятта Чолпон атанын образы, ал жөнүндө баяндар анчейин көп эместир. Дагы бир айтылыштарда "Чолпон ата" койду биринчи колго үйрөткөн, анын тукумун өндүргөн адам деп айтылат.

Куштун пири — Буудайык

Буудайык канаттуулардын ээси, пири, төрөсү болот экен. Анын кебетесин, түсүн мифтик элестетүүдө төмөнкүдөй баяндалат:

Буудайык — көзү чекир, жүнү чаар, үнү заар, тескөөрү болот, жем басары жез, чалгыны бычак, куйругу кучак, манжалары адамдыкы сыңары беш, тулку бою башка канаттуулардан бөтөнчө канаттуу экен.

Куш төрөсү буудайыктын мифтик элеси, жаратылыштагы образы "Буудайык" дастанында эң сонун жаралган. Ал канаттуулардын төрөсү болгондуктан, абдан ыйык жандар катары образ жаратылган. Аны кармоого, таптоого аракет жасагандар бүт эле өз башынын өлүмүн өзү анык көргөн. Буудайык баяны, образы (Кожожаш) дастанындагы Сур эчки катарында көрсө болот.

Иттин пири — Куумайык

Куумайык "Балта жутар" куштан туулат имиш. Ал куш алты белес ачкайкыга барып тууйт экен да, туулган баласы үч күн күчүк болуп каңшылап жатар имиш. Ал эми, ошол күчүк маалында таап алып, табы менен бакса Куумайык болот экен. Үч күндөн өтсө "Балта жутар" болуп учуп кете берет экен.

Кыргыз оозеки адабиятында Куумайык "ит төрөсү" иттердин урук-тукумун калкалоочу ээси катарында элестетилип, ыйык заттар катарында образ жараткан. Ал бардык элеттерде боло турган касиет адамдарга жакын, адамдарды жырткычтардан коргоого кол кабыш эткен. Мисалы: көйкаптан желмогуз жер бетине чыкчу болсо, аралыгы жети күнчүлүк жеринен Куумайык билип үрүп чыккан. Кадыресе желмогузга тиш салган. Желмогуз Куумайык бар үйгө бет бага албаган. Мындай образ кыргыздардын "кереметтүү жөө жомокторунда" кеңири баяндалат.

"Манас" эпосунда Куумайык Манасты колдоочу касиеттүү айбандардын бирөө катары, Манасты ээрчип аны колдоп жүрөт. Манас каза болгондо Куумайык да кайып болуп кетет. Кийин Семетей эр жеткенде Куумайык кайра пайда болот.

Демек, Куумайык — ит төрөсү, алдында эч нерсе чыкпаган алгыр тайган, адамзатты табияттан тышкары коркунучтуу күчтөрдөн кайтарган, коргогон образ элестетилген.

Баланын пири — Умай эне

Умай эне энени жана баланы коргоочу, сактоочу ээсинин образы жараткан. Кыргыздын сыйынуу рухуна кирет. Курсакта бала Умай энеге "кыз болом, уул болом" деп ыйлайт экен. Ошондо Умай эне касиети менен теңеп "кыз болом" деп ыйлаганын уул кылып, "уул болом" деп ыйлаганын кыз кылып куяңга шапаттайт экен. Ошо бала төрөлгөндө куяңы көк (шапаттын изи чыгып) төрөлөт имиш. Демек, Умай эне баланын эркек, кыз болушун белгилейт деген түшүнүк болгон.

"Умай эне" энени жана баланы оору-сыркоодон сактайт деген түшүнүктөн улам балдарды эмдегенде дарылаганда "менин колум эмес, Умай эненин колу" деген сөздөр айтылып эмделген, учукталган.Үйгө бөбөктү жалгыз уктатып коюуга туура келгенде "Умай энеге тапшырдым" деп камсыз болушкан.

Сөздүк иретинде төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

Адамга байланыштуу пирлер:

• Баланын пири — Умай эне

• Жигиттин пири — Шаймерден (Кырк Чилтен)

• Устанын пири — Дөөтү

• Табыптын пири — Улукман

• Акындын пири — Секелек сары кыз, Асан шайыр

• Дыйкандын пири — Бозкептер, Баба дыйкан

• Соодагер пири — Имам Мазам

• Адамдын пири — Адам ата

• Элдин пири — Калкаман

• Журттун пири — Эламан

Жан – жаныбарлардын пирлери:

• Куштун пири — Буудайык

• Иттин пири — Куумайык

• Койдун пири — Чолпоната

• Уйдун пири — Заңгибаба (Зенги баба)

• Жылкынын пири — Камбарата

• Төөнүн пири — Ойсулата

• Эчкинин пири — Шыйпаңата

• Жырткыч пири — Баян Жабыр

• Кийиктин пири — Кайберен

• Малдын пири — Малабай

• Чычкан пири — Чие ата

• Кумурска пири —Кумпабайан

Башкалардын пирлери:

• Бакыттын пири — Кадыр Ильяс

• Сүйүүнүн пири — Зулайка, Жусуп

• Чечектин пири — Коросон ата

• Азиз пири —Корошоната

• Чилденинпири — Кырдач

• Теректин пири — Байтерек

• Чүкөөнүн пири — Кара чеке

• Там дубалдын пири — Ибрайым Хулиулла

• Шамалдын пири —Жел кайып (Айдар ата)

• Күндүн пири — Күн теңир

• Жердин пири — Жел кайып

• Суунун пири — Сулайман

• Жамгырдын пири — Күлдүр ата

• Жылдыздын пири — Үркөр ата

• Сууктун пири — Аяз ата

• Үн атасы — Камбаркан

• Тоонун пири —Тастарата

• Жол ээси—Жоламан

Даярдаган Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий