• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Умбеталиев Бабанов менен Назарбаевдин жолугушуусун этикага туура келбеген көрүнүш деп эсептейт

Коом 0

Бишкек, 20.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Коомдук ишмер Расул Умбеталиев КРдин президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусун этикага туура келбеген көрүнүш деп эсептейт. Ал мындай оюн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Умбеталиевдин айтымына караганда, муну менен президенттикке талапкер “Кыргызстандын сыртынан колдоо издеп, өзүнүн күчүнө ишенбей тургандыгын көрсөттү”.

“Президент Нурсултан Назарбаев тарабынан Бабанов менен жолугушуу этикага туура келбеген көрүнүш. Биздин өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлүп жатат. Көпчүлүгү бул жолугушууну Назарбаев “Республика” партиясынын лидерине колдоо көрсөтүп жатат деп түшүнүшү мүмкүн. Анткени, башка талапкерлер башка мамлекет башчылары менен жолугушуу өткөрүшкөн жок”,-деди ал.

Эске сала кетсек, 19-сентябрда Казакстандын президентинин расмий сайтында Нурсултан Назарбаев менен Өмүрбек Бабановдун жолугушуусу тууралуу маалымат жарыяланган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Назарбаев эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана бир туугандык мамиленин мындан аркы бекемделиши тууралуу айткан.

“Азыр Кыргызстан өлкө президентин шайлоо алдында турат – бул ар бир мамлекеттин турмушунда өтө маанилүү учур болуп саналат. Кыргызстандын көз карандысыздык учурунан бери, мен ар дайым президент менен жемиштүү иштөөгө аракет кылдым. Кыргыз эл ишенип, колдоо көрсөтүп тапдаган мамлекет башчы менен да эффективдүү карым-катнашта болууга аракет кылабыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий