• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Умрадан келген жарандар менен аралашкан 2 миң 330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Умрадан келген жарандар менен аралашкан 2 миң 330 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бергөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, обсервацияда 649 адам жатат. Учурда коронависуска чалдыккандардын саны 12ге жетти: Сузак районунда 8, Ноокатта 3 жана Баткен районунда 1 адам бар.

“Обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн 2 миң 290 орундук түзүлгөн. Медициналык жана санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков умрадан келген дагы алты адамдан коронавирус аныкталганын билдирди – Баткен районунда бирөө, Сузакта бешөө. Мындан улам Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилген.

Эскерте кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда коронавирус жуктургандардын саны 12 кишиге жетти. Алардын алтоо эркек жана алтоо аял кишилер.Коронавируска чалдыккандардын кичүүсү 45 жашта болсо улуусу 75 жашта.

Пикир

Оставить комментарий