• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Умрадан келгендердин айрымдарынан гана коронавирус илдети аныкталды - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. 12-13-мартта Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан (умра) келген бардык жарандар карантинге жаткырылды, алардан изилдөө үчүн анализдер алынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Умрадан келгендердин айрымдарынан гана коронавирус илдети аныкталган”,- деп кошумчалады Акматова.

"Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жалпы 44 адамда аныкталды", - деди ал.

Кечээ, 25-мартта Кыргызстанда дагы 2 эки адамда коронавирус аныкталганы айтылган: бирөөсү Бишкек шаарында, экинчиси Москва району (Чүй облусу). Алардын бири Дубайдан 20-мартта учуп келсе, башкасы Испаниядан келген жарандан жуктуруп алган.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий