• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ун комбинаттарды талкалап, биз өзүбүздүн эмес казак бюджетин толтуруп жатабыз – депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда ун комбинаттарынын өндүрүшү талкаланган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев бүгүн парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы расмий импорт 460 миң тоннаны түзгөн, ал эми 2018-жылы - 78 миң тонна. “Калган такталбаган көлөмдөр – бул контрабандалык ун. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 500 миң тоннага жакын ун ташылып келет. Комбинаттарда иштеген 4 миңге жакын биздин жарандар жумушсуз калды. Алардын көпчүлүгү чет жакка гастербайтерлердин санын толуктап кетишти. Ким өзүнүн өндүрүшүнө ушундай мамиле жасайт? Биз эле окшойт”, - дейт Байбакпаев.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө бир чоң сектор өлүп жатат.

“Биздин өлкөгө кирген ундун 80%ы коңшу Казакстандан ташылып келет. Биз өзүбүздүкүн токтотуп коюп, казактардын экономикасын колдоп жатабыз. Бул жылы бир да комбинат мамлекеттик казынага салык которгон жок, анткени баары токтоп турат. Казакстандан келген ун ар түрдүү кошулмалары менен келип, түз эле дүкөндөрдүн текчелерине чыгып жатат. Кыргызстанга 500 миң тоннага жакын ун ташылып келип жатса, биз канча салыктан кур калып жатабыз? Салык кызматчыларынан сурасан, алар казынада акча жок дешет. Мен силерге 1 млрд. сомго жакын каражат таап бере алам. Ал үчүн өлкөдө ун өндүрүүнү калыбына келтирүү керек же чек арада жакшынакай бөгөт коюу керек. Салыктан түшө турчу ошол 1 млрд. сом бюджетке түшпөй көмүскөдө калууда”, - дейт эл өкүлү.

Байпакпаев баса белгилегендей, тиешелүү чараларды көрүү керек.

Пикир

Оставить комментарий