• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ун, кумшекер жана соя майы. Кытайдан келген гумжардамды кабыл алуу актысына кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда Кытайдын өкмөтү тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардамды кабыл алуу жана берүү актысына кол коюунун расмий аземи өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду гуманитардык жардамды алды.

“Гуманитардык жардам катары 58 контейнерде 1150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майы түрүндө келген. 5-25-октябрда Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан контейнерлер түшүрүлүп, гуманитардык жүктөр борбордук базада сактоого коюлду”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык жардамды кабыл алуу жана өткөрүү актысына кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий