• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Унаа айдап бара жатып баланы алдына отургузуп алган ырчыга айып салынат

Коом 0


Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Ырчы жана маданияттын отличниги Дайыр Исмадияров Instagram баракчасына баланы тизесине отургузуп унаа айдап бараткан видеосун жарыялады.

Жарыяланган постто окуя Ош облусунун Өзгөн районунда болгону айтылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Кабар” агенттигине бул жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузуу экенин билдирди. “Мындай аракеттер жол кыймылынын эрежелерин бузууга жатат. Бул боюнча жаранга тиешелүү чара көрүлөт”, - деп кошумчалады ведомстводон.

Эскерте кетсек, мындай аракеттер үчүн мыйзамга ылайык, 3 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий