• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Унаа" ишканасынын бир катар бөлүмдөрү 20-июлдан тарта ачылат — тизме

Коом 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмдөрү 20-июлдан тарта ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, унаасынын ишеним катынын мөөнөтү аяктаган жарандар эми 20-июлдан баштап аталган ишкананын ачыла турчу алты бөлүмүндө каттоо жүргүзө алат.

"Эпидемиологиялык кырдаал кескин начарлап кеткендигине байланыштуу "Унаа" ишканасынын бөлүмдөрү 2020-жылдын 6-июлунан тартып карантинге жабылган. Автоунаа каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн убактылуу токтотулушу жарандардын жана юридикалык жактардын автоунааларга ээлик кылуу жана пайдалануу укугу катталган ишеним каттардын мөөнөтүнүн аякташына алып келген", - деп айтылат маалыматта.

Карантин убагында автоунааларга ээлик кылууга берилген ишеним каттын мөөнөтү бүткөн жарандар жана юридикалык жактар "Унаа" ишканасынын төмөнкү бөлүмдөрүндө 20-июль күнү каттоо жүргүзө алышат:

- Бишкек шаардык бөлүмү (Чокан Валиханов көчөсү 2 дарегинде жайгашкан);
- Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык сектору (Военно-Антоновка айылы, "Риом-Авто" унаа базарынын аймагында жайгашкан). Аталган сектортун иш тартиби убактылуу өзгөртүлдү. Эми ал эртең мененки саат 08:30дан кечки саат 17:30га чейин иштейт (түшкү тыныгуу 12:00–13:00), иш күндөрү – дүйшөмбүдөн жумага чейин;
- Нарын бөлүмү;
- Сүлүктү бөлүмү;
- Кочкор сектору;
- Жумгал сектору.

Маалыматка ылайык, Сокулук-Москва, Чүй-Кемин, Аламүдүн, Ысык-Ата, Балыкчы, Каракол, Талас аймактык бөлүмү жана айдоочулук курамды каттоо боюнча Бишкек шаардык бөлүмүндө (Лебединовка айылы, Победа проспектиси 121Б дарегинде жайгашкан) COVID-19дун жайылышына каршы карантиндик иш-чаралар ушул жылдын 2-августуна чейин узартылды.

Ал эми Баткен аймактык бөлүмү (Кызыл-Кыя шаары, Масалиев көчөсү н/ж) жана Баткен аймактык бөлүмүнүн Баткен сектору (Баткен шаары, Раззаков көчөсү 77) 20-июлдан 2-августка чейин карантинге жабылат.

"Коопсуздукту сактоо максатында жана имараттын ичинде жана бөлүмдөрдүн аймагында инфекциянын таралышына жол бербөө үчүн жарандарга бир жарым метр аралыкты сактоо жана беткап тагынуу сунушталат. Ош ол эле учурда мамлекеттик кызмат алуу үчүн келген жарандар имараттын ичине кезек менен киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий