• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Унаа" ишканасынын Бишкек бөлүмүнүн аймактар аралык сектору 10-11-октябрь күндөрү иштебейт

Коом 0

Бишкек, 10.10. /Кабар/. "Унаа" ишканасынын Бишкек бөлүмүнүн аймактар аралык сектору (РИОМ-авто базарынын аймагында жайгашкан) 10-11-октябрь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улуттук банк тарабынан киргизилген чектөөгө ылайык "Кыргызстан" банкынын Бишкек бөлүмүнүн аймактар аралык секторундагы кассасы 10-11-октябрь күндөрү иштебегендиктен унаа каражаттарын каттоо боюнча кызмат көрсөтүлбөйт.

"Сектордун унаа каражаттарын каттоо иши 12-октябрда жанданат. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан чарага түшүнүү менен мамиле кылууну сурайбыз. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн кызматкерлер тарабынан элдик кошуун уюштурулуп, алар мекемени кайтарышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий