• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Унаа" ишканасынын Бишкектеги бөлүмү 24-июлда иштебейт

Коом 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. "Унаа" ишканасынын Бишкектеги бөлүмү 24-июлда иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"Жогорку вольттуу электр тармактары Чүй ишканасы оңдоо иштерин жүргүзгөнүнө байланыштуу "Унаа" ишканасынын Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү 2 дарегинде жайгашкан Бишкектеги бөлүмү 24-июль күнү иштебейт", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Каттоо кызматы билдиргендей, унаа каражаттарын каттоо иштерин Военно-Антоновка айылында "Риом-авто" унаа базарында жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмдүн аймактар аралык секторунда жүргүзүүгө болот. Ал сектор жума күнү убактылуу графикке ылайык иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий