• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Унаа” ишканасынын дагы 4 аймактык бөлүмү 13-июлдан тарта карантинге жабылат

Коом 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында “Унаа” ишканасынын дагы 4 аймактык бөлүмү 13-июлдан тарта карантинге жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык сектору (“Риом” авторыногу), Сокулук-Москва бөлүмү (Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 1), Чүй-Кемин бөлүмү (Токмок шаары, 1-кичирайон), Талас аймактык бөлүмү (Талас шаары, Э. Мадиева көчөсү 2) 13-июлдан тарта карантинге жабылат.

Буга чейин “Унаа” ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү, Аламүдүн, Ысык-Ата, Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгалдагы бөлүмдөрү 6-июлдан тартып карантинге жабылган.

“Унаа” ишканасынын иши боюнча маалымат жана кеңештерди алуу үчүн 0312633174 жана 0312633931 номерлерине кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий