• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Унаа” ишканасынын дагы 6 бөлүмү 19-июлга чейин карантинге жабылды – Каттоо кызматы

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Элдин топтолушун чектөө жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында “Унаа” ишканасынын Нарын, Сүлүктү, Балыкчы, Каракол, Кочкор, Жумгалдагы бөлүмдөрү 19-июлга карантинге жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Каттоо кызматынан билдиришкендей, эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганына байланыштуу “Унаа” ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмү жана Аламүдүн, Ысык-Ата райондук бөлүмдөрү 6-июлдан тартып 19-июлга чейин карантинге жабылган.

“Андан тышкары, Бишкек шаардык бөлүмүнүн Аймактар аралык секторунун (“Риом” авторыногу) иш күндөрү кыскартылып, ал ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү иштейт”, - деп билдирет Каттоо кызматы.

“Унаа” ишканасынын иши боюнча маалымат жана кеңештерди алуу үчүн 0312633174 жана 0312633931 номерлерине кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий