• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Унаа” ишканасынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө кызматтык жасалмачылык аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө кызматтык жасалмачылык аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан оң рулдуу “Хонда Фит” автоунаасын сол рулдуу кылып каттагандар аныкталды.

Бул факты Жазык кодексинин 329-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн адиси 1967-жылы туулган Б.И. Кыргызстандын аймагында рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарын каттоого тыюу салынганына карабастан, 2008-жылы Японияда чыгарылган ак түстөгү “Хонда Фит” автоунаасынын рулу оң жакта экендигин билип туруп, сол жакта деген маалыматтарды киргизип, автоунааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергелип, соттун кароосуна жиберилди.

Ошондой эле азыркы учурда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан ушундай эле факты менен дагы бир кылмыш иши тергелүүдө. Анда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан 2009-жылы Японияда чыгарылган көк түстөгү “Хонда Фит” автоунаасынын рулу оң жакта экендигине карабастан, сол жакта деп көрсөтүп, автоунааны мамлекеттик каттоодон мыйзамсыз өткөргөндүгү белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий