• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Унаа каражаттарын баалоо сеткасына алгачкы ирет электромобилдер кошулду

Экономика 0

Бишкек, 30.12.17. /Кабар/. Унаа каражаттарын баалоо сеткасына алгачкы ирет электромобилдер кошулду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев тарабынан 2018-жылга карата автомото унааларды биринчи жолку каттоодо колдонулган автомото унааларды баалоо сеткасына 5% жана 1% баалар бекитилди. Алгачкы ирет баалоо сеткасына электромобилдер киргизилди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Электромобилдердин кыймылдаткычынын кубаттуулугу 50кВт/с чейин жана 50кВт/с ашык бааланат. Беш жана бир пайыздык баалар электромобилдерге карата да колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий