• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Унаа кыймылына тоскоолдук жаралууда. Кайгуул кызматкерлери кайырчылык кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.12.21./Кабар/. Бишкек ШИИББсы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери автоунаа жүрүүчү чоң жолдордо кайырчылык менен айдоочулардан акча чогулткан жарандарга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айрыкча тилемчилик менен алек болгон жарандар чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп айдоочулардан акча чогултуу учурунда башка жол кыймылынын катышуучуларына абдан эле тоскоолдуктарды жаратууда.

"Айдоочулар алардан айланып өтөм деп, кээде жол кырсыгына кабылып, же “коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөлдөрүнө түшүп калган фактылар катталууда. Ошондуктан кайгуул кызматкерлери бул жарандарга карата атайын иш-чараларды жүргүзүп, ал жарандардын аты- жөнүн тактоо менен жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий