• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Марат Пирназаров берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын сунушу менен Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич директор болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий