• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Унаа» мекемеси транспорт каражатын каттоо алдында сүрөткө тарта баштады

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси үстүбүздөгү жылдын август айынан тартып транспорт каражатын каттоо алдында кароо жүргүзүүдө унааларды планшетте сүрөткө тарта баштады.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, демилге коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга, текшерүү жол-жобосун иш жүзүндө жүргүзбөстөн, автоунааларды каттоо учурларын жоюуга багытталган. Жаңычылдыктын аркасында тигил же бул унаа текшерүүгө келгени жана иш жүзүндө текшерүүдөн өткөнү так аныкталат.

«Биз жарандарды фото фиксациялоо процедурасына байланыштуу кошумча күтүүлөргө байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүүнү менен кабыл алууну суранабыз. Учурда биз транспрот каражатынын электрондук паспортун киргизүү үчүн заманбап маалымат базасын түзүп жатабыз, ошондой эле унааны каттоо системасындагы коррупцияны жана алдамчылык схемаларды жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүп жатабыз» - деп белгиледи «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев.

Сүрөткө тартуу учурунда, сүрөт тартылган жердин координаттары менен бирге электрондук маалымат базасына киргизилет. Жаңы стандарттарга ылайык, системага фотосүрөттөрдөн жана текшерүү протоколунан тышкары, кузов (шасси/рама) номерлери, машинанын жайгашкан жеринин координаттары (гео маалыматтары) жана текшерүүнүн датасы киргизилет.

“Урматтуу унаа ээлери, унааны кайра каттоо алдында «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы болгон айып пулдарды төлөп коюуңузду суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий